super.kg logo

Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы 7-июнга чейин узартылды

 

Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы дагы узартылды. Тактап айтканда, ал 7-июнга чейин №47 абакта камакта болот. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Бүгүн, 2-апрелде Кой-Таш окуясы боюнча ишти кароо процесси болду. Анда айыпталуучу Атамбаев ооруп жаткандыгына байланыштуу сотко келген жок. Мындан улам соттук отурум 15-апрель күнү саат 14:00гө жылдырылды.

Райондук сот Атамбаев жана башка адамдарга карата козголгон бир нече кылмыш ишин ноябрдан бери бириктирип карап жатат. Алар Кой-Таш окуясы, Кой-Таштагы жер тилкеси, Бишкек ЖЭБиндеги жемкорлук боюнча кылмыш иштери.

Бул иштерде мурдагы президент менен кошо күнөөлөнүп жаткандардын арасында издөөдө жүргөн экс-мэр Албек Ибраимов, мурдагы депутат Аскарбек Шадиев да бар.

Мындан тышкары Атамбаевге карата мыйзамдагы ууру атыккан Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан бошотулушу боюнча иш да сотто каралып жатат.

Былтыр июнда ал “Батукаевдин кылмыш иши” боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл, эки айга кесилген.

Жактоочулардын суранычынан кийин Жогорку Сот 30-ноябрда бул ишти кайра караш үчүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жөнөткөн. 10-декабрда соттун биринчи отуруму өткөн.

Белгилей кетсек, Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу ноябрь айынан бери сот отуруму бир нече ирет жылдырылды. Өткөн жылдын декабрь айында ал сотко катышкан, бирок андан кийин процесске келе албай калды.

14-январда сот Атамбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртпөй койгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
02.04.2021. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атамбаев го Атамбаев Жеенбековдор качан камалат
02.04.2021. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Асылбек качан камалат
02.04.2021. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бир шанс келгенде тынч эле уйдо отурса болмок, митинг кыла койбой
03.04.2021. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кайтар дүйнө деген чын экенине дагы бир ирет ынандым
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: