ММА мушкери мушташ учурунда манжасынан айрылды

Маалыматка ылайык, канадалык ММА мушкери Хетаг Плиев америкалык Девин Гудалге каршы күрөштө манжасынан айрылды. Окуя АКШда Cage Fury MMA промоушенинин колдоосу астында өткөн мелдеш учурунда болгон. Бир сокку учурунда Гудэйл Плиевди сол колуна уруп, колунун манжасын сындырып алган.
Экинчи айлампада манжасы толугу менен үзүлүп кеткен. Ушундан кийин калыстар беттешти токтотуп, техникалык нокаут менен канадалык Хетаг Плиев жеңилүүгө дуушар кылышкан.
Плиев ооруканага кайрылганда дарыгерлер сөөмөйүн калыбына келтирүү мүмкүн экенин айтышкан. "Чындыгында манжа бир териге сакталган. Эми физиотерапия, процедураларды жасайбыз, баары жайында болот деп ишенем", - деген мушкер.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.