Криштиану Роналду ыргытып жиберген капитандык кур миллиондогон еврого сатылат

Маалыматка ылайык, акыркы жарыяланган баа 10 миллион 886 миң еврону түзгөн. Кайрымдуулук уюмунун маалыматына ылайык, бул каражат жүлүн булчуң атрофиясы (SMA) менен жабыркаган сербиялык алты айлык наристени дарылоо үчүн сарпталат. Капитандын лентасын матч бүткөндөн кийин алып, Белграддагы стадиондун кызматкери “Жашоо үчүн бирге” кайрымдуулук уюмуна белекке берген.
Айта кетсек, 27-март күнү Сербияда футбол болуп өткөн. Роналду дарбазачынын жанынан гол киргизип, топ дарбаза сызыгын толугу менен кесип өткөн. Бирок калыстар голду эсептешкен эмес.
Португалиялыктар калыстардын мындай чечимине макул болбой ортодо талаш пикирди жараткан. Роналду капитандык курун газонду көздөй ыргытып, акыркы ышкырыкты күтпөй талаадан чыгып кеткен.
Ушундан кийин футболчу курама командадагы капитандыкты өмүрүндөгү эң чоң артыкчылыктардын бири деп эсептээрин жана аны менен сыймыктанарын айткан. Ал ошондой эле бүтүндөй эл кыйналган кыйын учурлар бар экендигин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Чамачы боло бербегиле