Ош. Облуста акыркы суткада 3 өрт кырсыгы катталды
Акыркы суткада Ош облусунда 3 өрт кырсыгы катталды. Кара-Кулжа районунун Биринчи Май айылынын тургуну Ш.Абдуваевге таандык аянты 91 чарчы метр болгон сарай жана жыйылып турган чөбү күйүп кетти. Кара-Суу районунун Октябрь айылынын жашоочусу Х.Айтикеевге таандык 2 кабаттуу курулуштун чатыры өрттөндү. Ал эми Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүндө 5 гектар чөп жайыт күйүп кеткен. Өрт кырсыктарынын келип чыгышы жана чыгымдары такталып жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:51
2025-07-07

17:54
2025-07-07

Рейтинг:
0

