super.kg logo
  Саясат  

Корея Республикасынын улуттук жыйынынын төрагасы Пак Бёнг Сок Кыргыз өлкөсүнө расмий иш сапары менен келди

 

Бүгүн, 3-апрелде Корея Республикасынын улуттук жыйынынын төрагасы Пак Бёнг Сок Кыргыз өлкөсүнө расмий иш сапары менен келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, парламенттик делегацияны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев "Манас" эл аралык аэропортунан тосуп алды.

Белгилей кетсек, 3-5-апрель күндөрү боло турган сапардын алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өтөт. Ошондой эле меймандар Ысык-Көл облусуна да барып, аймактын туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен таанышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: