Министр Кайрат Иманалиев Малик Аликеевге Эмгек сиңирген артисти ардактуу наамын тапшырды





Бүгүн, 4- апрелде маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Малик Аликеевге Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти ардактуу наамын тапшырып келди. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Анда ырчынын үй-бүлөлүк абалы менен таанышып, президент Садыр Жапаровдун жана премьер-министр Улукбек Мариповдун атынан материалдык жардам тапшырылды.
Ырчы Малик Аликеев өткөн жылы кокустап, жамбаш сөөгүн сындырып алып төшөктө жаткан. Ага июль айында операция жасалып, ооруканадан чыккандан кийин Таласта жүргөнү кабарланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

айыгып кетиңиз сиздин ырларыңызды сүйүп угам