Ош. Жаштар орус тилин акысыз үйрөнүүдө
Ош шаардык мэриясынын жаштар иштери боюнча комитети шаардагы "Урал үйү" коомдук фонду менен биргеликте жаштарга акысыз орус тили окутууну улантууда. Аталган окуу курсунда учурда 2 топто: башталгыч жана улантуучу топто 45 адам билим алууда. Окутуу аптасына 3 жолу болот. "Окуу курсунун жыйынтыгында жаштар тест тапшырышат. Ийгиликтүү тапшыргандарга сертификат беребиз",- дейт аталган комитеттин башкы адиси Медер Абдыманапов.
Автор: Элира Чынтемир кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
19:51
2025-07-07

Рейтинг:
0

