super.kg logo

"Интернет аркылуу таанышканбыз, жүз көрүшпөй туруп сүйүп калдым" дейт Максат Довранов

 

SUPER.KG порталынын маек төрүндө бул сапар алып баруучу Максат Довранов болду. Өз сөзүндө ал быйыл бир башты эки кылып үйлөнөрүн айтты.

- Салам, Максат? Социалдык тармактардан байкап отуруп быйыл бир жакшы жаңылыгың бардай сезилет.

- Саламатсыздарбы? Ооба, байкаганыңыздардай эле жакшы жаңылыгым менен бөлүшөйүн деп толкунданып турам. Үч жылдан бери тынч турган жашоо 2020-жылдан баштап кыймылдай баштады. Менин үй-бүлө куруп, балалуу болсом деген кыялдарым ишке ашканы турат, тагыраак айтканда, жакынкы күндөрү той. Бир башты эки баш кылалы деп турабыз

- Сүйүктүүң менен кантип таанышып калдың?

- Экөөбүз интернет аркылуу таанышканбыз, карантинге байланыштуу сегиз ай телефон аркылуу сүйлөшүп жүрүп, анан жолуктук, башында сүрөттөрүн көрүп жактырып калгам. Биринчи кадамды мен таштап ага жазгам ал жооп берип сүйлөшүп калдык.

- Ал сен телефондон эле жактырып калган экенсиңда, эмнеси менен арбап алды?

- Негизи сен сүйгөн адам, өмүрлүк жарың сенин айтканыңды кылып турса, сени ойлоп турса, бир сөзүңдү эки кылбаса деп тилек кылат экенсиң, ошол нерселерди андан байкадым, жакшы сапаттары мени өзүнө тартып турду. Телефон аркылуу сүйлөшүп жүрүп жүз көрүшпөй туруп сүйүп калдым. Мамилеси, ыйманы, тарбиясы жана жөнөкөйлүгү жагат.

- Ал тууралуу айтып берсең? Кайдан болот? Канча жашта?

- Кенен маалыматты тойдон кийин айталы, балким, бирге келип маек беребиз. Кыскача айтканда, 21 жашта, чыгармачылыктан алыс жүргөн инсан, менин чыгармачылыкка аралашып жүргөнүмдү таанышкандан кийин билди. Өзү Оштон болот жердешпиз.

- Социалдык тармактарда дагы жүзүн катып, ал тууралуу көп маалымат бербейсиң, мында бир себеп бар болсо керек?

- Ооба, жүзүн жашырып жүргөнүм чын. Мунун себеби бар. Мен өзүмдү эмес, сүйлөшкөн кызымды ойлоп кылам. Ага жаман сөз жазылбасын, ал бул нерсени туура эмес түшүнуп албасын деп элден катам. Ал азыр чыгармачылыктын ачуусун-таттуусун түшүнө элек. Буюрса, тойдон кийин баары белгилүү болот.

Толугу менен видеодон көрүңүз.






"Сүйлөшкөн кызыма апамдын көзүнчө урушпайбыз деп азыртадан үйрөтүп жатам" дейт Максат Довранов

Автор: Медина Найманова
Оператор: Чыңгыз Калбердиев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
05.04.2021. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тилектериниз кабыл болуп, бактылуу болунуз. Сизди капаланткан кундор болбогондой унутулуп кетсин
05.04.2021. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бактылуу болгула!!!
05.04.2021. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бакыт каалайбыз
05.04.2021. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Чыгармачылыгынды давно билген азыр адамды капка катып болбойт интернеттин заманы. 90чу жылдар болсокен сенин телеалпаруучу экенини кийин билгидей
05.04.2021. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жүзүн көрбөй туруп сүйүп калдым деген - бул эки жүздүүлүк.

Эркектердеги кызга болгон суйуу сезимдердин келип чыгуу этаптары:
Биринчиден, эркек адам кыздын сырткы келбетине конул бурат,(фигурасы, жүзү,) башкача айтканда, кыз өзүнө канчалык жагымдуу экендигине баа берет.
Андан кийин ал эмнени жактырат, анын артыкчылыктары каралат
Эркек ушул баскычтардан өткөндөн кийин, ал ушул кыз менен мындан аркы келечек мүмкүнбү же жокпу, өзү аныктайт.
05.04.2021. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен агенттен таанышкам. 2 жыл суйлошконбуз. 1чи жылын только агенттен жазышып анан аудиозвонок менен суйлошуп журдук анан гана 2чи жылында уже видеозвонокко оттук. Кадимкидей тартынып, уялып дегендей ))). 7чи жылга карап баратат, бир уйдо тутун буулатканыбызга.
05.04.2021. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайкалды деле сүйөм сүйүп калдым деп жүрдү эле
05.04.2021. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болсун ушул кыз м-н.
06.04.2021. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акчаң болсо күндө той турбайбы))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: