Бишкекте дзюдонун Азия союзунун конгресси өттү








4-апрель күнү Бишкек шаарында дзюдонун Азия союзунун кезексиз жыйыны өттү. Бул тууралуу Дзюдо федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, конгресске Азия союзунун президенти Обайд Аль Анзи, Кыргыз өлкөсүнүн Дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев жана башкалар катышты.
Конгресстин катышуучулары союздун ишмердүүлүгүн, пандемия учурундагы мелдештерди жана алдыда өтө турчу Азия жана Океания чемпиондугун өткөрүүнү талкуулашты. Мындан сырткары отчёттор угулду.
Азия жана Океания чемпиондугу Бишкек шаарындагы "Газпром – балдарга" ден соолукту чыңдоо борборунда 6-апрелден 9-апрелге чейин өтөт. Бул мелдеш олимпиада оюндарына рейтингдик болуп эсептелет. Чемпиондукка 30дан ашык Азия мамлекеттеринен 400-500 спортчунун катышуусу пландаштырылып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.