super.kg logo

Пайдалуу дем алыш! "Ынтымак" шаардыктар менен жолугушууну улантууда

 

“Ынтымак” саясий партиясынын талапкерлери шайлоочулар менен жолугушууларын улантып жатышат, шайлоочулар көп жылдан бери топтолгон курч көйгөйлөрдү көтөрүп жатышат. Айрыкча, шаардыктарды көчөлөрдү жарыктандыруу, жолдорду жана тротуарларды оңдоо, коомдук транспорттор жана башка көптөгөн маселелер тынчсыздандырары белгилүү болду.

Шаардыктар менен жолугушуулардын биринде Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Ратмир Саккараев шаардыктардын көйгөйлүү маселелерин чечүү жолдорун белгилеп “Ынтымак” саясий партиясынын шайлоо программасынын негизги багыттарына токтолду.

Мисалы, коомдук транспорттун тариф маселеси жыл сайын көтөрүлүп, жарандар үчүн дагы, маршруттук таксилердин айдоочулары үчүн дагы чоң көйгөй жаратып келет.

"Жүргүнчү ташуучу унааларга лицензиялык талаптарды кайра карап чыгууну, салык кызматына байланыштырылган электрондук билеттин негизделишин, чыгым жана кирешелүүлүктү так белгилөө менен транспорттук кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифтин наркын аныктоо жол-жобосун иштеп чыгууну жана жүзөгө ашырууну сунуштайбыз. Ушундай жол менен биз бардык тараптардын кызыкчылыктарынын тең салмактуулугун камсыз кыла алабыз", - деди Саккараев.

Дагы бир талапкер Акжол Абдраимов менен жолугушууга келген шаардыктар бүгүнкү күнгө чейин депутаттар, муниципалдык органдардын айрым бөлүмдөрү, мэриянын кызматкерлери жана жетекчилер эмне иш кылып жатышканын билбей тургандыктарын айтышты.

Ошондой эле Бишкек шаарынын жашоочулары ким кандай жыйынтык көрсөткөнүн, эмне иш кылгандыгын жана алардын алдында кандай милдеттер тургандыгын билгиси келерин билдиришти.

Өз кезегинде Акжол Абдраимов "Ынтымак" саясий партиясынын программасында ар бир кызматкер үчүн иштин негизги көрсөткүчтөрүнүн системасын ачуу каралганын айтты.

“Биз элдин кызматчыларыбыз, жашыруун маалыматтардан тышкары ким эмне кылып жаткандыгын жана кандай натыйжаларга жетишкендигин, алардын алдында кандай пландар бар экендигин жана ал канчалык натыйжалуу ишке ашырылып жаткандыгын көрсөтүшүбүз керек. Ошондо гана биз жөндөмсүз кызматкерлер маселесинен кутулабыз, мен муниципалитеттин кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында Бишкек шаардык кеңешке баратам”, - деди талапкер.

Бир топко чейин талапкерлер жана шайлоочулар ортодогу көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдорун талкуулашты. Мындай жолугушууларды улам-улам өткөрүп турууну чечишти.

"Ынтымак" саясий партиясы Бюллетенде №24! Өзгөрүү бизден башталат!

"Аткаруучу: «SUPER.KG» ЖЧКсы ; дареги: Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү 109/1. Буйрутмачы: "Ынтымак" саясий партиясы. Тираж 1 экз. Чыккан күнү: 05.04.2021-жыл. Буйрутма СПнын шайлоо фондусунан каржыланды, каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Бектенова Ж.Д.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: