super.kg logo
  Спорт  

Футбол боюнча Орусия курама командасы Бразилияда өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алды

 

15-октябрь күнү Европада футбол боюнча 2014-жылы Бразилияда өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндары жыйынтыкталды. Өз тайпасында 1-орунду ээлеп жолдомо алган командалардын катарын Орусия курама командасы да толуктады. Алар акыркы беттешинде Азербайжан курама командасы менен беттешип, 1:1 эсебинде тең чыгып 1-орунду камсыздай алышты. Орусия Дүйнө чемпиондугунда акыркы жолу 2002-жылы ойногон. Ал эми учурда Европага берилген 13 жолдомонун 9у ээсин тапты, дагы 4 жолдомонун ээлери тайпада 2-орунду ээлеген командалардын кошумча беттештеринен кийин аныкталат. Кошумча беттеш өткөрө турган командалардын атаандаштары 21-октябрь күнү чүчү кулактан кийин анык болот. Тайпада 2-орунду ээлеп, кошумча беттеш өткөрө турган 8 команда эки топко бөлүнгөн. Чүчү кулактын жыйынтыгында 1-топтогу бир команда 2-топтогу команда менен үйүндө жана конокто беттеш өткөрөт. Ал командалар төмөндө:

1-топ

Португалия, Греция, Хорватия, Украина

2-топ

Франция, Швеция, Румыния, Исландия      






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
16.10.2013. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
12 жыл кутушту байкуштар канча акча сарпташты, тарыхында 3 жолу дуйнолук чем-а кетип жатышат, ийгилик.
16.10.2013. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жылы да жолдомо албаганда уят болот эле себеп ФИФА 2018 Россияда өтсө керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: