«Газпром Кыргызстан» компаниясынын 4444 Call-борборунун иштөө шарттары алмашты

Өлкөнүн газ операторунун Бирдиктүү сурап-билүү кызматы күнү-түнү иштөө тартибине өттү. Мындан ары эми газдын көрсөткүчүн жөнөтүү, компаниянын кызматтары боюнча кеңеш алуу же арыз калтыруу маселелери боюнча жумуштан кийин, дем алыш же майрам күндөрү сурап-билүү кызматына кайрыла аласыз.
4444 номерине бардык мобилдик операторлорунан чалуу акысыз.
4444 номерине чалуу менен кайсы маселелерди чечсе болот:
- ар бир айдын 15инен 30уна чейин газ эсептегичтин көрсөткүчүн жөнөтүү. Көрсөткүчтү тоналдык режимде же оператордун жообун күтүү менен берсе болот;
- жаратылыш газына кошулуу шарттарын билүү;
- маалыматты тактоо. Мисалы, чындыгында текшерүүчү «Газпром Кыргызстан» компаниясында иштей тургандыгын же подряддык уюм компаниянын өнөктөшү экендигин аныктоо;
- компания өткөрүп жаткан акциялар тууралуу билүү жана ага кантип катышуу керектигин такоо;
- сиздин район качан газдаштырыла тургандыгын билүү;
- «Газпром Кыргызстан» компаниясынын башка дагы кызматтары боюнча кеңеш алуу;
- кайсы бир кызматты жакшыртуу боюнча арыз же сунуш калтыруу.
Газ эсептегичтин көрсөткүчүн төмөнкү ыкмалар менен дагы жөнөтсө болот:
- KG мобилдүү тиркемеси аркылуу;
- «Газпром Кыргызстан» компаниясынын gazprom.kg расмий сайты аркылуу;
- WhatsApp тиркемесиндеги 0701-68-07-07 номуру аркылуу;
- @gazpromkg_bot Telegram чат-боту аркылуу;
- 4444 номерине СМС жөнөтүү аркылуу. Баасы – 1 сом;
- Balance, «Элсом 2.0» мобилдик капчыктары жана MegaPay тиркемеси аркылуу.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-06-24
10:00
2025-06-19
16:49
2025-06-18
14:24
2025-06-18
Рейтинг:
0


Талкуу жабык.