super.kg logo

Бишкекте бир апта ичинде жол эрежесин бузган 277 чет өлкөлүк номерлүү унаалар аныкталды

 

Бишкек шаарында бир апта ичинде 277 жол эрежелерин бузган чет өлкөлүк номерлүү унаалар аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-марттан 1-апрелге чейин бир жума аралыгында каттоо нөөмөтү өтүп кеткен, түзүлгөн протоколдор үчүн айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн, ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номерлүү 277 унааны аныктады.

"Алардын ичинен 62 - Орусияныкы, 9 - Арменияныкы, 11 - Азербайжандыкы, 180 - транзиттик номерлер, 15 жана башка чет өлкөлүк номурлуу унаалар. Булардын баарына бузуулар кодексинин беренелеринин негизинде тиешелүү протоколдор толтурулду. Анын ичинен 3 чет өлкөлүк унаалар ар кандай багытта жол эрежелерин бузгандыгы үчүн, убактылуу токтотуучу короо жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.

Милициянын кайгуул кызматы коопсуз шаар долбоорунун алкагында коюлган видеокөзөмөлдөрдөн жашынып, же видеокөзөмөл жазбайт деген түшүнүк менен катуу ылдамдык менен айдаган айдоочуларга мындан ары да чара көрүү иштери улантыларын эскертет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.04.2021. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россия номеринин Россияда карызы бар ошону кантип озубузго откоробуз. Ким билет. Карызын ээси толобогон. Мен озумо откорто аламбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: