super.kg logo

Кайрадан карантин чаралары киргизилеби? Саламаттыкты сактоо министрлигинин жообу

 

Карантин чараларын кайрадан киргизүү бул эпидемиологиялык кырдаалга жараша болот. Ар бир аймактын эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөй турган жергиликтүү штабы болот. Бул боюнча алар кырдаалга карап чечим кабыл алышат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов брифинг берип жатып билдирди.

"Ал эми акыркы аптада Бишкек шаарында жана Чүй облусунда коронавирус илдетин жуктуруп алган бейтаптардын саны көбөйүп жаткандыктан кошумча орундар даярдалды.

Улуттук госпиталда 110 керебет (анын ичинен 10у интенсивдүү терапия үчүн). Чүй облустук бириктирилген ооруканасында 55 орун (анын ичинен 5и интенсивдүү терапия үчүн) даярдалды", - деди Улук-Бек Бектурганов.

Ошондой эле министрдин орун басары 3-толкунга толук даяр экендигин кошумчалап өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.04.2021. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эл кыйналып жатат акча жок жада калса маска алганыда акчасы жоктор толтура кочого чыгып маска таркаткыла элдерге бекер кееде перзерватив таркатып калчу эленерго ошондойле маска антисептик бекер тараткыла
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: