super.kg logo
  Спорт  

"Футболдун кайталоосун көрүү кечиндеги тамакты эртең менен жылытып ичкендей" дейт футболдун 68 жылдык тарыхын 5 жылда колго жазган Тагайбек Урматаев

 

Футбол дүйнө эли сүйүп көргөн, ойногон спорттун түрү экени талашсыз. Бирок көпчүлүк эле анын тарыхын биле бербесе керек. Бүгүн биз сөз кыла турган каарман футболдун 68 жылдык тарыхын кол менен дептерге шуурудай тизип түшүргөн Токтогул районундагы Үч-Терек айылынын тургуну Тагайбек Урматаев болмокчу.

Футболго болгон алгачкы кызыгуу

- Футболго 1987-жылы кызыга баштагам. Үйдөн деле футболду артынан кууп көргөн эч ким жок эле. Алгач "Динамо-Киевдин" - "Спартак-Москва" менен болгон оюнунда легендарлуу дарбазачы Ринат Дасаевди көрүп, аябай таасирленгем. Ошол оюндан баштап футболго болгом кызыгуум артып, ар бир оюнду калтырбай көрүп баштагам. Ал кезде гезит-журналдарга спорт кабарлары жакшы чагылдырылчу. 3-класстан тарта оюнчулардын сүрөттөрүн, алар тууралуу макалаларды кесип чогулта баштагам.

68 жылдык тарыхтын жазылышы

- Орто мектепти аяктап, борбор калаага келдим. 1995-жылдан тартып чогулткан маалыматтарым ар кайсы жакта калбасын деген ойдо чоң журнал ачып, 1930-жылдан берки футбол дүйнөсүндө болгон чемпиондуктарды жаза баштадым. Бир караган кишиги дароо окула тургандай кылып кооздоп жаза баштадым. 1930-жылдан баштап 1998-жылга чейинки окуяларды жазууга 5 жылдай убакыт кетиптир. Жөн гана жазып койбостон, ыңгайы келгенде сүрөттөр менен дагы кооздоп койчумун. Ошентип отуруп 68 жыл ичиндеги оюндарды жазып койгон экенмин.

Азыр футбол оюндарын көрбөйм

- Жок же аз нерсе барктуу болот эмеспи негизи. Мурда эски, бузулуп калса үстүнө бир чаап койсоң иштеп калган телевизорлордон футбол оюндарын көрүү мен үчүн абдан кызык болчу негедир. Калтырбай көрүп калайын деп аракет кылчумун. Бара-бара заман өнүгүп, түстүү телевизорлор, интернет пайда болгону дүйнөнүн кайсы бурчунда болбо каалаган оюнуңду көрө аласың. Оюнду түз эфирде көргөнгө эч нерсе жетпейт. Кайталоону көрүү бул кечинде жасалган тамакты эртең менен жылытып ичкендей эле сезим калтырат. Азыркы тапта футбол оюндарын көрбөйм деле.

Мүмкүн болсо Лука Модрич, Лионель Мессиге жолукмакмын

- Мыкты тарыхта калган оюнчулар аябай эле көп. Футболдук клубдар да биринен бири калышпайт. Алардын ичинен убагында мен Италиянын мыкты клубдарынын бири болгон "Миланга" күйөрман болчумун. Аталган клубдун оюндары жагат. Эгерде мүмкүнчүлүк болгондо, белгилүү футболчу Лука Модрич жана азыркы замандын тирүү легендасына айланган Лионель Мессиге жолукмакмын.

Көз майымды коротуп жазган журналдарымды эч кандай суммадагы акчага сатпайм

- Мен жазган журналдарга кызыгып сурагандар көп эле болгон. Бирок бул журналдарды саткым келбейт, ушунча жылдык эмгегимди акчага баалай албайм. Азыр болсо футбол тууралуу жазганымды токтотком, анткени интернет аркылуу баарын билип алса болот. Анын үстүнө иштен, үйдөгү оокаттардан кол бошобойт. Азыркы тапта балдарымдын эч кимиси футболго кызыкпайт.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(9)
06.04.2021. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ээн соонун,азаматсыз ага!Футболду кайталап коруу чынында сиз айткандай болот мен учун деле!!!
06.04.2021. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ииии, аябай талантуу, мудаа киши экен. Почеркин карачы. Ваау
06.04.2021. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Абдан таланттуу,адамгерчиликтуу , эмгекчил инсан. Оз аймагында кичинесинен чонуна чейин жакшы корушот Тагай агайды
06.04.2021. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Kamalina,сиз Үч-Теректенби?
06.04.2021. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
din_tomas,ооба
06.04.2021. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Укмуш
06.04.2021. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кол жазманыз укмуш, компьютерде эле терип жазып койгондой. Ишиңизге ийгилик агай
06.04.2021. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ишиңизге ийгилик
07.04.2021. 04:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аркасында турган ак куртка кийген кызды тааныгандар барбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: