super.kg logo

"Эми сахнаны жаштарга берем" дейт ырчы Салтанат Шекенова

 

Акыркы учурларда хайп деген сөз эл арасында кенен тарап, аны жараткандар да көбөйүп калды. "Атың чыкпаса жер өрттө" дегендей, таанылгысы келгендер өзгөчөлүк жаратып, интернетте көп талкууга чалынышат да таанылышат. Кээ бирлери атайын хайп жаратса, кээ бирлерине атактуулук кокусунан келип калат. Ырчы Салтанат Шекенова өзүнүн фигурасы, сүйлөгөнү дегеле турган турпаты менен хайп жаратты. SUPER.KG порталы каарманыбыздын аркасында чубалып келе жаткан суроолорго жооп алды.

- Салам, Салтанат? Азыркы образыңды атайын жасадың беле же кичинекей кезиңден бери ушундайбы?

- Саламатсыздарбы! Айылда эле чоңойгон кызмын, 11-классты бүтүп эл катары Бишкекке келгем. Көлдүк жигитке эрте турмушка чыккам, келиндердей болуп жоолук салынып, узун юбка кийип жүрчүбүз. Жолдошум экөөбүз 7 жыл мурун эки жолго түштүк. Мына ошондон кийин мен өзүмө эмне жакса кийип, кайда кааласам басып калдым. Бара-бара ушул образымды таптым. Мага өзүмдүн кийингеним жагат.

- Ачык кийинесиң деген комментарийлер көп жазылат. Буга көз карашың кандай?

- Ачык кийимдеримди кийип Инстаграмга гана сүрөттөрүмдү бөлүшөм, ал эми жашоодо өтө ачык кийинем деп эсептебейм. Элестеткиле, Инстаграмдагы кийимдеримди көчөгө кийип чыксам унаалар авария болуп, баары мени карап калышпайбы. Менден да кыска кийгендер көп, алар айтылбай мен айтылып калганымдын себеби мага жакшы жарашса керек. Фигурам чынында жакшы.

- Пластикалык операция жасатып көрдүң беле?

- Жок. Мага бул суроо көп берилет. Себеби башкалар пластикалык операция менен меникиндей фигурага келишсе керек. Меники табиятымдан ушундай. Апам, эжелеримдин да фигуралары меникиндей.

- Чыгармачылыкка көп көңүл бурбай калгандай көрүнөсүң. Качан жаңы чыгармалар жаралат?

- Туура, тыныгуу болуп калды. Жеке бизнесиме көп көңүл буруп жатам. Андан сырткары үй салып жаткам. Негизинен акча берип клип тарттырып, ыр жаздырып жүрсөм эми өзүмө акча келчү бизнестер менен алектенейин. Азыр 35 жаштамын. Сахна жаштарды сүйөт, эми сахнаны жаштарга берейин.

- Мен дагы келин болгом деп калдың уй саап көрдүң беле?

- Үйдө апам азыркыга чейин уй саайт. Кичинекейибизде "биз саап көрөлү" десек "сүтүн качырасыңар" деп урушуп коюшчу. Уюбуздан араң сүт чыкчу окшойт. Бир күнү 7-8 классымда жеңем уй саап ары кеткенде аркасынан барып уйдун эмчегин кармап көргөм. Былжырап башкача болуп туруптур саай албай койгом. Азыркыга чейин уйду кантип сайт экен деп кызыгам, саап көргүм келет.

Маекти толугу менен видеодон көрүңүз.






"Эми сахнаны жаштарга беришим керек" дейт ырчы Салтанат Шекенова

Автор: Медина Найманова
Оператор: МухамадЗиямидин Турдубек уулу, Айбек Алиев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
SUPER.KG видео
06.04.2021. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менде емнеге видео ачылбайт
07.04.2021. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаштардан алып алган бекен?
07.04.2021. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азаматсын Салтанат. Сендай кайраттуу айымдын ийгилиги ар дайым бүтүндөй муунду кайраттуу болууга түртөт. Фигурада кеп жок. Зыңк
07.04.2021. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул кызды Суперден эле окуп калбасам, сахнадан көрбөпмүн, Динара Акулова же Гүлнур Сатылгановалар жаштарга берем десе жарашмак
Azat-123 түзөттү 2021-04-07 20:20:46
09.04.2021. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azat-123,Алар кетип калса кимди угабыз?Андан коро ушуга окшош жасалмалар оз оорлун таап кете берсин.Жетелеп ала кете турган озуно озу ырчылар ото коп.Жыйып ала кет сахнадан.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: