super.kg logo
  Спорт  

Уэльс жана мадриддик “Реалдын” оюнчусу Гарет Бэйл 91 миллион еврого камсыздандырылган

 

Уэльс жана мадриддик “Реалдын” оюнчусу Гарет Бейл өзүнүн трансфердик баасына, тактап айтканда, 91 миллион еврого камсыздандырылган. Бул тууралуу ФИФАнын (Эл аралык футбол федерациясы) расмий сайты билдирет. Мадриддик “Реалдын” президенти Флорентино Перестин айтымында, эгер Гарет Бэйл кокус жаракат алып карьерасын токтотууга мажбур болсо, оюнчу 91 миллион еврого камсыздандырылганын айткан. Айта кетсек, буга чейин Бейлдин трансфердик баасы 100 миллион евро деп айтылып келген. Бэйлди “Реал” быйылкы жайкы трансфердик рыноктун акыркы күндөрүндө англиялык “Тоттенхем” клубунан сатып алган. Учурда Бэйл жаракатынан улам, оюндарга катышпай келүүдө. Ошондой эле кээ бир футбол адистери оюнчу  мурдатан жаракатка кабылып келгенин айтып, “Реал”  аны адашып алды деп айтышууда. Ал эми “Реалдын” дарыгерлеринин айтымында, оюнчу 19-октябрь күнү “Малага” менен беттешүүгө чыгышы мүмкүн. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: