super.kg logo

Мурас-Ордо конушунун тургундары “Ынтымак” партиясына ишеним көрсөтүштү

 

"Ынтымак" партиясынын Бишкек шаардык кеңешине талапкерлери күн сайын шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүп жатышат. Ошондой жолугушуулардын бири Мурас-Ордо конушунда да болуп өттү. Мурас-Ордо конушунун тургундары “Ынтымак” партиясынын талапкери Мийзамидин Калыковду жылуу тосуп алышты.

Бишкек шаардык кеңешинин учурдагы депутаты менен болгон жолугушууда жергиликтүү тургундар Калыков жасаган бардык жумуштарды белгилешип ыраазычылыктарын билдиришти.

Жаңы конуштардын жашоочулары белгилегендей, 2016-жылдан бери Мийзамидин Калыков жаңы конуштарды жакшыртуу маселелерине активдүү катышып, шаардык кеңештин депутаты катары Калыс-Ордо жана Мурас-Ордо конуштарын жакшыртуу маселелерин талыкпай чечип берип жүрөт. Ошондой эле ал калк менен тыгыз байланышта болуп иш алып барууда. Анын демилгеси менен аталган жаңы конуштарда заманбап балдар спорт аянтчалары курулуп, светофорлор, тротуарлар орнотулуп, ФАПтарга дары-дармектер, мектептердеги китепканаларга компьютерлер сатып алынып, суу менен камсыздоо системасы жаңыланган. Мындан сырткары анын жардамы менен көптөгөн жылдардан бери чечилбей келе жаткан талаштуу жер маселелери чечилген.

Шайлоочулар алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо М.Калыков өзүнүн жетекчилиги астында башталган иштердин бардыгын аягына чыгарына ишеним көрсөтүшүп, шайлоодо “Ынтымак” партиясын колдошорун айтышты.

"Аткаруучу: «SUPER.KG» ЖЧКсы ; дареги: Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү 109/1. Буйрутмачы: "Ынтымак" саясий партиясы. Тираж 1 экз. Чыккан күнү: 06.04.2021-жыл. Буйрутма СПнын шайлоо фондусунан каржыланды, каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Бектенова Ж.Д.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: