super.kg logo

Шаарды шаардыктар менен чогуу өнүктүрөбүз!

 

30 жылдан бери өлкөбүздүн өнүгө албаганынын себеби - бир баскан тырмоокту кайра-кайра эле басып, өткөндөн сабак албай жаткандыгыбызда. Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоонун алдында, шаардыктар «мындан 4 жыл мурун шайланып келгендер, кандай убада берди эле, канчасын аткарышты» деген суроого жооп издеши керек. Шаардык кеңештин акыркы чакырылышындагы 45 депутаттын 38и бүгүн ар кайсы партия менен кайрадан шайлоого аттанганын эске алсак, бул учурдун эң актуалдуу суроосу!

Тилекке каршы, өткөн чакырылыштагы шаардык кеңеш тарабынан көзгө көрүнөөрлүк эч бир иш жасалган эмес. Учурда алар «социалдык көйгөйлөрдү чечебиз, инвестиция тартып келебиз, жаңы конуштарды борбордук канализацияга туташтырабыз» деген убадаларды берип жатышат.

Бирок факты – деген өжөр нерсе экен. Далилдер менен кебибизди уласак, Бишкек шаардык кеңешинин 27-чакырылышындагы депутаттар 4 жыл ичинде баш-аягы 177 токтом кабыл алышкан. Анын 10у гана социалдык маселелерге арналган. Ал эми жаңы конуштарга байланышкан бир эле токтомду «токушкан». Ал Маданият жаңы конушунда канализациялык-насостук борборду куруу боюнча токтом. Анысы да толук ишке ашпай, ара жолдо калган. Мына 4 жыл ичиндеги алардын жаңы конуштарга көрсөткөн «камкордугу».

Баса, ошол эле талапкерлер «мынча миллион доллар инвестиция тартабыз» дегенди да уялбай эле айтып жатышат. Бирок алар өз учурунда колдо турган даяр акчаны колдоно албай, шаардык бюджетти миллиондогон доллар чыгымга учуратканы учурдун ачуу чындыгы. Таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушуна деп Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы берген 11 миллион доллар насыя, 11 миллион доллар бекер грант ар кандай себептерден улам колдонулбай калган. Анын кесепетинен шаардык бийлик 110 миллион сом айып пул төлөөгө аргасыз болгон. Ошол эле ЕБРР Бишкектин түштүк жагындагы жаңы конуштарын борбордук канализацияга кошууга деп берген 16 миллион евросу да пайдаланылбай текке кетти. Дапдаяр инвестициялык долбоорлордун ишке ашпай калышына ким күнөөлүү? Таштандыны кайра иштетүүчү завод ишке берилсе - Бишкек миллиондогон доллар пайда таап, жайы-кышы уулуу заттарды асманга сапырып, түтөп жаткан таштанды полигону тазаланып, эң орчундуу көйгөйүбүз чечилип калбайт беле?! Бишкектин түштүк аймагындагы үйлөр борбордук канализацияга кошулуп калса кандай сонун болмок. Ошол кездеги шаардык кеңештеги депутаттардын жеткен шалаакылыгы, Бишкектин келечегине болгон кайдыгерлиги деп айткандан башка аргабыз жок.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары колдоп берген 26 миллион сомго даярдалган Бишкектин деталдык пландоо долбоору жакында эле сот тарабынан жараксыз деп жокко чыгарылды. Асаманга сапырылган ал 26 миллион сомду ким ордуна коёт? Бул шаардык бюджет үчүн өтө ири чыгаша.

«Ишеним» саясий партиясы жаңы түзүлгөн, шайлоого эң алгачкы жолу катышып жаткан жаш партия. Партиябыздын катарына: шаардык муниципалдык кызматтарда, МТУларда иштеп, жогорудагыдай акыйкатсыздыктарды көрүп, айтайын десе сөзү, тилдейин десе тили кыска болуп, таасири этейин десе ыйгарым укугу жетпей бук болуп жүргөн, шаар үчүн чындап күйгөн жөнөкөй жарандар чогулган. «Ишеним» партиясынын жаратман жаштары шаардык кеңешке шайланып келсе, мэриядагы болгон көйгөйдүн баарын шаардыктарга ачык айтып, ар бир жасаган иши тууралуу отчёт берип, борбор шаарыбызды шаардыктар менен бирге өнүктүрөт!

№7 – «Ишеним» партиясы жалындуу таза жаштардын, өз ишин мыкты билген профессионалдардын партиясы!

Даярдоочу: «Super.kg». Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбекова көчөсу 109/1. Буйрутмачы: Жумабекова Чынар Төлөмүшевна, ”Ишеним” сайясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу окүлү Жумабекова Чынар Төлөмүшевна Тарабынан төлөндү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: