super.kg logo

Ырчы Айтурган Эрмекова: "Гастролго чыкканда балаң менен үйдө отурбайсыңбы дегендер болду"

 

Ырчы, "Кыз-Бурак" тобунун мурдагы солисти Айтурган Эрмекова менен Ош шаарына болгон иш сапарыбызда жолугушуп, маектештик. Жакында эле Орусиядагы мекендештерге концерт коюп келген ырчы жашоосу, чыгармачылыгындагы жаңылыктары менен бөлүштү.

Орусиянын төрт шаарында концерт койгонун, алдын ала тойлорго буюртма алып алгандыгына байланыштуу дагы эки аймакка барбай калганын айткан ырчы наристеси менен башка өлкөгө болгон сапары тууралуу буларга токтолду.

"Гастролубуз аябай жакшы болду. Куудулдар айтмакчы, баланы төрөп койсоң эле чоңоё берет. Чындыгында эле бала колдон колго алынып, чоңоюп калат экен. Убакыт бат өтүп, балама 3 айдан ашыптыр. Кайним тамашалап "15 жашыбызда Орусияга бармак түгүл, азыр деле бара элекпиз. Иним эми эле Орусияны кыдырып койду го" деп калат.

Уулум атасына окшош, көп уктайт. Гастролдо жүргөндө балам мени колдоп уктап жатты. Бала багуучубуз деле бар болчу, бирок жолдошум баласаак болгондуктан, экөөбүз карап жаттык", - деди ал.

Ырчыгы бала менен үйдө эле отуруп турбайсыңбы деген пикирлер айтылган. "Үйдө отура бермекмин. Бирок Санкт-Петербургга былтыр эле концерт коёбуз деп уюштуруп, билет дагы сатылган. Пандемияга байланыштуу концертим токтотулган. Ошол нерсе көкүрөгүмдө тура бергендиктен, аткарып коюшум керек дедим. Бир эле жерге концерт койсоң, башка жактагылар таарынышат экен. Анан башка шаарларга дагы уюштурулуп, концертим аншлаг менен өттү. Чет жактагы мекендештер ырчыларды белгилүү, белгилүү эмес деп бөлүшпөй, баарын колдоп турушат экен", - дейт ал.






"Сахнада эркектерден Бактыяр Токторов, кыздардан мен "жиндирээкпиз" дейт Айтурган Эрмекова

Автор: Гүлзада Абдырахманова
Оператор: МухамадЗиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
06.04.2021. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыгармачылыгына ийгилик, ушул бойдон осо бер, оркундой бер. Кыргыздын белгилуу инсаны болуп журо бер.
zhazgul98 түзөттү 2021-04-06 18:52:30
06.04.2021. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ким бул озу??? Омурумдо коргон да уккан да эмес экем...
06.04.2021. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
karapayim,сонун ырдайт,просто матур!
06.04.2021. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
жон эле койбодунда
06.04.2021. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самашка 2
06.04.2021. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы ырдайт тричилик да акча табыш керек
06.04.2021. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эл оозунда элек жок сүйлөй беришет, Айтурган үйдө олтурса бирөө бир сом берет беле,Колунан келсе,Америкага барып концерт берсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: