super.kg logo

"Чет элдик ырларды жеткире аткарасың дешет" дейт "Гүлбадан", "Алма, алма" ырлары менен тойлордун көркүн ачкан Айтурган Эрмекова

 

Ырчы Айтурган Эрмекова "Кыз-Бурак" тобу аркылуу таанылган. Ал аталган топко 8-классында келгенин, кандай сабактарды алганын SUPER.KG порталына берген маегинде айтып берди.

"Топко келгенде жаш болчумун. Бизди анда Гүлшайыр Садыбакасова, Кенже Дүйшеева эжекелерибиз бардык нерсеге үйрөтчү, тагыраагы кантип маек бергенден тартып, нан, тамак бышырганга чейин. "Кыз-Бурак" тобу менен 5 жылга келишим түзгөм. Гүлшайыр Садыбакасова эже келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин деле жеке ырчы болуп чыгышың керек, талантың бар деп дем берчү. Гүлшайыр эжекем азыркыга чейин дем берип, колдоп келет.

Көбү мени ырлары жок, чет элдик ырларды аткарып чыгат дешет. Менин репертуарымда ырларым бар, бирок ал ырларды угушпайт. Чет элдик ырларды которгон композицияларым жайылып, тойго барганда "Гүлбадан", Алма, алма" жана башка ырларды суранышат. Чет элдик ырларды жеткире ырдайсың дешет, мүмкүн ошондойдур. Миң долларга ыр жаздырып деле жеткире аткара албагандар бар да. Балким, чын эле ырларды жеткире аткарганым менен таанымал болуп жүрөм", - дейт ал.






"Сахнада эркектерден Бактыяр Токторов, кыздардан мен "жиндирээкпиз" дейт Айтурган Эрмекова

Автор: Гүлзада Абдырахманова
Оператор: МухамадЗиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
07.04.2021. 03:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таанымалмын дейтго ботом
07.04.2021. 04:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Чып чын айтам тааныбайм мен(вот зуб даю)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: