super.kg logo

Бишкекте эки күндөн бери 27 жаштагы кыз дайынсыз. Аны ала качкандар тасмага түшүп калган

 

Бишкекте 27 жаштагы кызды ала качып кетип, эки күндөн бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу кечээ, 6-апрелде жергиликтүү басылмаларга кыздын жакындары билдиришкен.

Анда кызды Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде үч бала кызыл түстөгү унаага салып кеткенин билдирген. Бул учур жанындагы кафенин видео байкоосуна тартылып калган.

Бул боюнча SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук милициясынын маалымат кызматы төмөнкүлөрдү билдирди.

5-апрель күнү саат 07:30 чамасында 102 кызматына Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде үч белгисиз жаран кыз ала качып кетишти деген маалымат келип түшкөн.

Милиция кызматкерлери айтылган дарекке барып, маалыматты тактаганда 3 белгисиз адам 1994-жылы К.А. аттуу кызды Хонда унаасына салып, белгисиз тарапка кетишкени белгилүү болгон.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 175-берене "никеге туруу максатында адам уурдоо" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Учурда кыздын жана аны ала качты делген жарандардын жүргөн жерин аныктоо боюнча издөө иш-чаралары жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: