super.kg logo

Австрияда COVID-19га каршы тесттен өтпөгөндөргө дүкөндөргө барууга тыюу салынат

 

Австрияда 7-апрелден баштап COVID-19га каршы тест тапшырбагандарга дүкөндөргө кирүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, эми чач-тарачтарга, башка тейлөө уюмдарына жана азык-түлүк дүкөндөрүнө баруу үчүн 48 сааттын ичинде жасалган коронавируска каршы тестин жыйынтыгы керектелет. Анын үстүнө анын натыйжасы терс болушу керек.

Маанилүү кызматтарды көрсөткөн дүкөндөргө жана уюмдарга баруу үчүн коронавируска каршы тест талап кылынбайт. Бул банктар, супермаркеттер, дарыканалар жана почта бөлүмдөрү.

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнөдө COVID-19дан улам өлүмдүн саны көбөйгөнүн билдирген. Уюмдун маалыматы боюнча, акыркы бир жумада дүйнөдө коронавирустун курмандыктарынын саны 11 пайызга өстү - 71 миңден ашуун адам каза болгон. Ошол эле учурда уюм алтынчы жума катары менен жуккан адамдардын санынын өсүшүн каттайт. Акыркы жети күндүн ичинде төрт миллиондон ашык жаңы COVID-19 учурлары аныкталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: