super.kg logo

Ала качуунун курмандыгы болгон 27 жаштагы кыздын окуясы. Кызды уурдоого шектелгендердин бири кармалды

 

Милиция кызматкерлери кыз ала качууга шектүүлөрдүн бирин кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми кылмышка шектелген дагы эки адамды издөө иштери жүрүп жатат.

"1994-жылы туулган К.А.ны ала качууга шектелгендердин бири 1992-жылы туулган Р.А. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Калган эки шектүү тууралуу толук маалымат аныкталып, аларды кармоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин 27 жаштагы К.А.ны Бишкектеги Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде үч бала кызыл түстөгү унаага салып кеткени маалымдалган.

Бүгүн, 7-апрелде Бишкек ШИИББи К.А.нын жана аны алып качууга шектелгендердин биринин жансыз денеси унаадан табылганын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
07.04.2021. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жакшылап суракка алып сазайын колуна бергилечи,өтө өкүнүчтүү окуя болду...
08.04.2021. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эл көзүнчө сот болсун, эл көзүнчө өлүм жазасына тартылсын!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: