Депутат жергиликтүү кеңештердеги шайлоо боюнча маалымат угуу үчүн БШКнын төрайымын чакырууну сунуштады
Депутат Шайлообек Атазов жергиликтүү кеңештердеги шайлоо боюнча маалымат угуу үчүн БШКнын төрайымын чакырууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Өлкөдө 2 күндөн кийин жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Анын ичинде референдум болот. Бишкекте Ошто курч өткөнү турат. Коопсуздук боюнча айткым келет. Президент шайлоону элдин тандоосуна коёлу деп айтты. Бирок кошоматчылар ушул нерселерди башаламан кылып жатат. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы чакырууну сунуштайм. Тартип бузуулар боюнча маалымат угалы", - деди Атазов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

