super.kg logo
  Саясат  

Депутат Акаев: "Коопсуз шаар" долбоору биздин жарандардын коопсуздугун сактоо үчүн иштеши керек"

 

Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча маселе көтөрдү.

"5-апрелде чырактай кызды зордук менен уурдап бара жаткан видео болгон сайттарга чыкты. Кыздын туугандары милиция кызматкерлерине кайрылышты. Милиция эмнеге убагында реакция кылган жок? Ошол жерде унаанын номери турат. Ошол кеткен багыт менен барганда Айзаданын өмүрүн сактап калганга мүмкүнчүлүк болмок. Зөөкүрлөрдүн бардыгын коомчулукка алып чыкмакпыз. "Коопсуз шаар" долбоору бир гана жарандардан айып пул чогултуучу систем эмес, биздин жарандардын коопсуздугу болуш керек. Борбор шаарда жашоо кооптуу болуп калды. Уурулар көбөйүп кетти. Жергиликтүү чабан телефон чалганда милиция кызматкерлери барып жатат. Президент жүздөгөн адамдарга ырайым берип, түрмөдөн чыгарып жатат. Кимдер чыгып жатат? Ошолордун бардыгын азыркыдай кылмышка катышпайт деп эч ким кепилдик бере албайт", - деди Жанар Акаев.

5-апрелде 3 адам 27 жаштагы Айзада Канатбекованы ала качып кетишкени белгилүү болгон. Бүгүн, 7-апрелде Бишкек ШИИББи Канатбекованын жана аны алып качууга шектелгендердин биринин жансыз денеси унаадан табылганын билдирди. Ала качууга шектелгендердин бири 1992-жылы туулган Р.А. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: