super.kg logo
  Саясат  

Дастан Бекешев, депутат: “Мектептерде 1-4-класстын окуучулары үчүн шахмат ийримдерин ачуу зарыл”

 
“Мектептерде 1-4-класстын окуучулары үчүн шахмат ийримдерин ачуу зарыл”,- деди Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев. Депутат билдиргендей, мындай ийримдерди мектептерге ачуунун пайдасы көп. "Шахмат - балдардын эс тутумун, логикасын жана аналитикалык ой-жүгүртүүсүн өстүрөт. Бул баланын келечеги үчүн өтө маанилүү”,- дейт Бекешев.

Белгилейт кетсек, ушул жылдын 14-мартында депутат Бекешевдин демилгеси менен Жогорку Кеңеш жыйынында Кыргызстанда шахматты өнүктүрүү жана жайылтуу жөнүндө токтом кабыл алынган.  

“Бул токтомго ылайык, өкмөт 2012-2014-жылдарга карата шахматты өнүктүрүү программасын иштеп чыгышы керек эле. Мектептерге шахмат оюндарын үйрөтүүнү киргизүү механизмин сунушташы да белгиленген. Бирок токтомду ишке ашыруу боюнча чара көрүлө элек. Өкмөт ийримдерди ачууга акча жоктугун айтууда. Буга көп акча деле талап кылынбайт. Мисалы, бир машыктыруучунун айлыгы болжол менен 7 миң сомдой болот. Ошол бир машыктыруучуну бир нече мектепке ишке тартууга мүмкүн. Шахматка 1-4 класстар эле үйрөтүлөт. Андан ары бала шахматты улантууну же токтотууну өзү чечет”,- дейт Бекешев.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: