super.kg logo

Ала качуунун курмандыгы болгон Айзаданын жакыны: "Ал саналуу күндөн кийин Түркияга учуп кетмек"

 

Ала качуудан улам каза болгон 27 жаштагы Айзада Канатбекова саналуу күндөн кийин чет өлкөгө учуп кетмек. Анын башка мамлекетке кетүүсүнө ала качкан бала себепкер болгонун маркумдун жакыны, кесиптеши Би-Би-Сиге айтып берди.

Айтымында, Айзада ала качкан бала менен былтыркы жылы таанышып, жолугушуп жүрүшкөн. Кийинчерээк баланын психикалык саламаттыгынан күмөн санап, андан качып жүргөн.

"Ала качкан бала Айзаданын артынан калбай койгон. Биз Айзаданы жашырып, канча жолу үйүнө жеткирип жүрдүк. Бир ирет аны ала качууга аракет кылып жатканда жетекчибиз көрүп калып, аркасынан кууп барып жардам берген экен. Ошондон кийин Айзада Кыргыз өлкөсүнөн башка жакка кетип кутулбасаң болбойт дегенбиз. Ал Түркия кетмекчи болуп, келишим түзүп, 16-апрелге билет дагы алып койгон", - дейт атын жашыруун калтыргысы келген жакыны.

Окуянын чоо-жайы:

5-апрелде 3 адам 27 жаштагы Айзада Канатбекованы ала качып кетишкени белгилүү болгон. 7-апрелде Бишкек ШИИББи Канатбекованын жана аны ала качууга шектелгендердин биринин жансыз денеси унаадан табылганын билдирди. Ала качууга шектелгендердин бири 1992-жылы туулган Р.А. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Каза болгон кыз менен жигиттин сөөгүнө экспертиза дайындалды. Кийинчерээк Бишкек ШИИББинин жетекчилиги маалымат жыйын өткөрүп, Айзаданын өлүмүнө шектелген жаран 6 жылдан ашык түрмөгө отуруп чыкканын, үй-бүлөсү бар экенин маалымдады.

Бул окуядан кийин милиция кызматкерлеринин ишине нааразы болгон эл ИИМдин алдына митингге чыгышып, ички иштер министринин отставкасын талап кылышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
08.04.2021. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Энең дурайын өзүнчө эле соолуган гүлдөр киносуго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: