Жалал-Абадда жеке турак жайда уюштурулган баңгизат лабораториясынын ишмердүүлүгү токтотулду





Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жеке турак жайда уюштурулган баңгизат лабораториясынын ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган аймакта тинтүү учурунда кургатылган кара куурай каптарын, 8 даана тик бурч формасындагы гашиш баңги каражатын, 30 литрлик суюктук толтурулган челек, марихуана майдалоо үчүн дрель, идиштер жана башка заттар табылып алынган.
Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 36 килограмм 595 грамм баңгизат алынган. Соттун чечимине ылайык, кармалган жаранга карата камакка алуу чарасы тандалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
10:35
2025-06-28

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.