super.kg logo

Ала качуунун курмандыгы болгон Айзадага акындар ыр арнашты: "Кош, Айзада, ачылбаган он гүлү, Кош, Айзада, али эне болбогон..."

 

Тилекке каршы, өлкөбүздө дагы бир кыз ала качуунун курмандыгы болду. Буга чейин Бурулай аттуу кыз дал ушундай кыз ала качуунун айынан каза болгон. Мындай окуялардын кайталанып жатканы коомчулуктун чоң нааразычылыгын жаратты. Социалдык тармактарда ар ким жарандык пикирлерин билдирип жаткан учуру. Ал эми жер жарылса, акындын жүрөгү менен өтөт дегендей акындар он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек Айзаданын өкүнүчтүү өлүмүнө ыр арнашты.

Айзада...

Жүрөгүмду ызалык булкуп анан,
Ыйын угам рухуңдун буркураган.
Жектеп турам турмушту, зөөкүрлөрдү,
Көргө түртүп, өмүрдү кулпулаган.

Гүлдү бакпай, тамырдан жулуп салган,
Биз ушундай коом болдук куруп калган.
Катуулуктан шолоктоп учкан жаның,
Жумшактыкты сезээрсиң булуттардан..

Деңиз болуп бүт дүйнөм көлдөдүм де,
Өз ажалым жеткенде өлбөдүм де.
Периштелер сурашса сени тосуп,
Адамдардан жакшылык көрбөдүм де!

Урмат-сыйдын бийиги ушулбу де,
Ээ Кудайым, пенделер кутурду де.
Өбөк болот деп жүрсөм эр жигиттер,
Өмүрүмдү кескилеп учурду де!

Суу чачкандай жалп өчүп жалын жашың,
Бул ырымдын кайгылуу сабындасың.
Түркөйлүктүн түбүнө жете албадык,
Кечир бизди аялуу карындашым!

Автор: Бердибек Жамгырчиев

КОШ, АЙЗАДА...

Кош, Айзада тирүүлөрдүн тобунан...
Кош, Айзада, кеттиң аргаң жогунан...
Балбылдаган бакыт табар чагыңда,
Ажал таптың бир зөөкүрдүн колунан.

Арсыз коомдо алсыздарын кордогон,
Бизге сабак болбойбу деп ойлоном...
Кош, Айзада, ачылбаган он гүлү,
Кош, Айзада, али эне болбогон...

Автор: Максат Жангазиев

***

Аял адам, аял бакыт, аял ДАН,
Аалам бүтүн, аял, сага таянган.
Кол көтөрүү, ары жоктук, коркоктук,
Колуңду тарт назик жүрөк АЯЛДАН!!!

Аял барда атат күндө таң жаңы,
Асыл жан сен, жасалмадай калганы.
Секиргенден башка колдон не келет?!
Сенден бийик, ай эргулбай, МАЛ дагы!

Түркүн түйшүк үйөт күндө башына
Тең келет не бир тал аял чачына?
Кыйшыгыңды күлкүсүнө жашырган,
Кылыгы наз, кыздар гана татына.

Аял сыйлайт азаматтар, эр деген,
Ак сүйүү бар, аянбастан бер кенен.
Чын мырзалар чыпалагын көтөрбөйт,
Чымга кошуп көмүү түгүл жер менен...

Автор: Эржан Байкулов

Окуянын чоо-жайы:

5-апрелде 3 адам 27 жаштагы Айзада Канатбекованы ала качып кетишкени белгилүү болгон. 7-апрелде Бишкек ШИИББи Канатбекованын жана аны ала качууга шектелгендердин биринин жансыз денеси унаадан табылганын билдирди. Ала качууга шектелгендердин бири 1992-жылы туулган Р.А. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Каза болгон кыз менен жигиттин сөөгүнө экспертиза дайындалды. Кийинчерээк Бишкек ШИИББинин жетекчилиги маалымат жыйын өткөрүп, Айзаданын өлүмүнө шектелген жаран 6 жылдан ашык түрмөгө отуруп чыкканын, үй-бүлөсү бар экенин маалымдады.

Бул окуядан кийин милиция кызматкерлеринин ишине нааразы болгон эл ИИМдин алдына митингге чыгышып, ички иштер министринин отставкасын талап кылышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
08.04.2021. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Журоктон чыккан соз журокко жетет дейт,Б.Жамгырчиевтин жазганынын ар бир сабы,журокко жетип журокту тилет го.
09.04.2021. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окуп алып ыйладым, эхх...
09.04.2021. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жанаттан болсун. Ким билет ушу Айзаданын соц тармактагы страницаларын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: