super.kg logo

"Мен сүйүп калдым, апа. Айзадасыз жашай албайм". Айзаданы ала качкан адамдын апасына жөнөткөн аудио билдирүүсү тарады (аудио)

 

Айзада Канатбекованын өлүмүнө шектүү Замирбектин апасына кайрылып агасынын телефонуна жөнөткөн акыркы аудио-билдирүүсү социалдык тармактарга жарыяланды. Анда ал Айзадасыз жашай албасын айтып, мени акыркы жолу угуп жатасыздар деген.

"Бардыгына салам айтып коюңуз. Апамдын телефону иштебей жатат. Капа болуп калган окшойт. Аудио жиберип айтып коюңузчу, үйгө кирип айтып коюңузчу. Апа, тынч болуңуздар. Менден өткөн күнөө болсо кечирип коюңуздар. Мен сиздерди каякта болбоюн, сиздерге Кудайдан тиленем, өмүрүңүздөр узун болуп көп жашаңыздар, апа. Ушундай бала төрөп койгонуңузга кечирип коюңуз. Мен сүйүп калдым, апа. Мен Айзадасыз жашай албайм. Айзаданы мен ушунча күттүм, сүйдүм.

Ага башкача баштайлы, башкача жашайлы десем дагы болбоду. Бир айтты күт деди, макул деп күттүм. Экинчисинде дагы алдады. Дагы күт деди, күттүм. Үчүнчүсүндө мен ишене турган эч нерсем жок. Мына жанымда отурат. Дагы да суранып жатат, жалганын айтып. Мен азыр айтып коёюн сиздерге болду. Мына акыркы жолу мени угуп жатасыздар, рахмат баарыңыздарга. Мен сиздерди Кудай алдында кечирдим. Сиздер да мени менден кеткен күнөөлөр болсо кечирип коюңуздар. Баарыңыздарды жакшы көрөм. Баарыңар жүрөгүмдөсүңөр", - деп айткан билдирүүдө.

Окуянын чоо-жайы:

5-апрелде 3 адам 27 жаштагы Айзада Канатбекованы ала качып кетишкени белгилүү болгон. 7-апрелде Бишкек ШИИББи Канатбекованын жана аны алып качууга шектелгендердин биринин жансыз денеси унаадан табылганын билдирди. Ала качууга шектелгендердин бири 1992-жылы туулган Р.А. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бул окуядан кийин коомчулук ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайдын окуясын эстешип, ички иштер министринин отставкага кетүүсүн талап кылган билдирүүлөрдү соцтармакка жамгырдай жаадырды. 8-апрелде Бишкек ШИИББи маалымат жыйын берип, кызды 2 күн бою издешкенин, бирок аны таба алышпаганына өлкөдөгү бюрократия тоскоол болгонун айтышкан. Айзада жана аны алып качкан делген адамдын сөөгү алгач Бишкектеги өлүкканага жеткирилип, экспертиза жүргүзүлгөн соң кыздын жансыз денесин туугандары өзү туулган жери Балыкчыга алып кетишти. Бул окуяга байланыштуу өлкө башчысы дагы, өкмөт башчы дагы өз пикирлерин жарыялашты.






 
 Кыстарылган аудио 

Айзаданын өлүмүнө шектүү Замирбектин акыркы билдирүүсү

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
08.04.2021. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул соз эркекчилике жатпайт
08.04.2021. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Озун эле олбойт белен келесо,дагы кечирим сурап коет иттин баласы бироонун чырактай кызын олтуруп,туугандарын сыздатып,бактылуу болосунбу эми наркы дуйнодо.
08.04.2021. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тобаа Алла өзүн кечир пенделеринди эмне деген эле заман болуп жатат.токтолуп эле калган бала экен бул кылганы таптакыр акылга сыйбайтко.Аллам бейишинерди берсин айла жок.
08.04.2021. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Каап,бул баланы оло элегинде аябай дем салдырыш керек экен эле...Ичине ... кирип кеткендир эле...
08.04.2021. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушул козел менттерди атып эле салыш керек бандиттерден хуже болушат бул иттер.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: