Кербен шаардык мэриясы социалдык мекемелерди оңдоо үчүн 5 миллион сом бөлдү
Аксы районунун борбору Кербен шаарынын мэриясы аймактагы социалдык мекемелерди оңдоо үчүн 5 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу мэр Абдымалик Апсаматов билдирди. Анын айтымында, Кербен шаарынын бюджетинен 3,6 миллион сом 9 орто мектептин жана 7 бала бакчанын оңдоо иштерине бөлүнгөн. Учурда аталган мекемелерде иш жүрүп жатат. Мындан сырткары Жетиген айылындагы ФАПтын курулушуна 1,2 миллион сом бөлүндү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
19:51
2025-07-07

Рейтинг:
0

