super.kg logo

"Адамдын жаны аманат, ала качуу арам". Муфтият Айзаданын жакындарына көңүл айтып, коомчулукту ала качууну тыюуга чакырды

 

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын ата-энесине, бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Шариятыбызга жана адамгерчиликке жатпаган жана инсандын жанын кейиткен аянычтуу окуя болду.

Тилекке каршы, карт тарыхта аялзаты көбүнесе басмырлоого дуушар болуп келди. Аялзатына зордук-зомбулук, кызыл камчылык, басмырлоо аракети ар кайсы доордо ар кандай деңгээлде өнүгүп отурду. Динибиз аялзатын барктоого өзгөчө көңүл бурду. Аялды камсыздоону кичинекей кезинде атасына, турмуш курганда жолдошуна, улгайганда баласына жүктөдү.

Урматтуу мекендештер! Ала качуу арам. Шариятта ала качууга тыюу салынат. Кызды мажбурлап үйлөнүүгө шарият жол бербейт. Ошондой эле башка бирөөгө зыян берүүнүн бардык түрү арам. Ушундан улам Ислам дини көрсөткөн жол менен турмуш куруп, башка бирөөнүн өмүрүнө, ден соолугуна кедерги тийгизбөөгө чакырабыз", - деп жазылат муфтияттын билдирүүсүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: