super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирустан айыккандардын саны 76 миллиондон ашты

 

Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 133 миллион 760 миң 945 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 76 миллион 36 миң 929 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 899 миң 901 адам илдеттен каза болду. Мындай статистикалык маалымат бүгүн, 9-апрелге карата алынды.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 30 миллион 999 миң 998 болду. 560 миң 83 адам каза болсо, канча адам айыгып чыкканы боюнча маалымат жок.

Ал эми Бразилия өлкөсү экинчи орунда. Бразилияда 13 миллион 279 миң 857 адам вируска кабылган. 345 миң 25 бейтап көз жумса, 11 миллион 666 миң 434 бейтап оорудан сакайды.

Үчүнчү орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 12 миллион 928 миң 574 адамдан аныкталды. 166 миң 822 адам каза болсо, 11 миллион 851 миң 393 бейтап айыкты.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: