Эмгек сиңирген артист Токтобек Асаналиев уулдарына той берди







Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Токтобек Асаналиев уулдарына арнап той өткөрдү. Тагыраагы, ырчы бир уулун сүннөткө отургузуп, экинчисине жентек той өткөрүп, көпчүлүктөн бата алды.
Той 8-апрелде Бишкектеги тойканалардын биринде өтүп, ага маданияттын, шоу-бизнестин өкүлдөрү дагы конок болушту.
Тойдо артисттин өкүл баласы Кубаныч Алиев тамада болуп, салтанатка 200дөй киши келгенин билдирди.
"Өкүл атам Ибрагим деген уулун сүннөткө отургузуп, Төрөгелди деген уулуна бешик той өткөрдү. Салтанат абдан жакшы болуп, ага Токтобек Асаналиевдин жакындары, достору, чыгармачылыктагы кесиптештери конок болушту", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Ozgocho111

09.04.2021. 13:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аябай сонун ырдайт,бар болунуз,элдин батасы кабыл болсун ылайым.
zhazgul98

09.04.2021. 13:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сизди эң сонун тоюңуз менен куттуктайбыз! Ынтымакка, дүйнөлүк акылмандыкка, бакубатчылыкка, чың ден-соолукка, жакындарыңыздан сүйүү жана камкордукка ээ болууну каалайбыз. Жашооңуздун ар бир күнү жаркын жана окуялуу болсун, ар кандай кичинекей нерселерде бакыт сизде болсун.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.