super.kg logo

Бишкекте 14 жашар бала электр болгаркасы менен моюнуна жаракат келтирип каза болду

 

Бишкек шаарында 14 жашар бала электр болгаркасы менен моюнуна жаракат келтирип, окуя болгон жерден жан берди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-апрель күнү милициянын нөөмөт бөлүмүнө Ак-Ордо-3 конушундагы турак үйлөрдүн биринде жашы жете элек бала өзүнө жаракат келтиргендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

"Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышып маалыматты тактаганда, үйдүн ичинен 14 жашар баланын жансыз денеси табылган. Жансыз денеге кароо жүргүзгөндө бала электр болгаркасы менен моюнуна жаракат келтирип, жеринде каза болгону аныкталган. Ал 2007-жылы туулган С.С. аттуу бала болгон.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 136-берене "өзүн өлтүрүүгө жеткирүү" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Бардык тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда", - деп билдиришти райондук милициядан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.04.2021. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудайым ай озун сакта.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: