super.kg logo

Өлкө боюнча 1 279 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

 

Өлкөдө акыркы суткада 500гө чукул адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык эмдөө борборунун директору Гульбара Ишенапысовага байланышканыбызда белгилүү болду.

Анын айтымына караганда, эмдөө иштери бардык аймактарга жайылууда.

"Акыркы маалыматтарга ылайык, өлкө боюнча 1 279 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Анын ичинен 500гө чукул адам өткөн суткада эмдөө алды.

Алгач калкты эмдөө иштери Бишкек, Ош шаарларында жана Чүйдө башталса, акырындык менен башка аймактар Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустары дагы кошулду. Жакында Талас облусунда калкты эмдөө иштери башталат", - деп билдирди Гульбара Ишенапысова.

Белгилей кетсек, Кыргыз өлкөсүнө Кытай Эл Республикасынан акысыз негизде COVID-19га каршы 150 миң доза SinoPfarm вакцинасы келген. Учурда эмдөө иштери Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө жана Ош облусунда жүрүүдө. Биринчилерден болуп саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өттү. Алгач медицина кызматкерлери, билим берүү уюмдарынын жана укук коргоо, коопсуздук кызматкерлери өтөт. Эмдөөнүн биринчи этабында 75 миң адамды эмдөөдөн өткөрүү пландалган.

Эмдөө ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: