super.kg logo

Аскар Салымбеков: "Эмгек" партиясы эл үчүн кызмат кылууга бел байлады"

 

Белгилүү меценат, “Эмгек” партиясынын негиздөөчүсү Аскар Салымбеков бишкектиктерди аталган саясий бирикмеге добуш берүүгө чакырды.

"Биз 2011-жылы жакшы тилек, аруу максат менен "Эмгек" партиясын түптөп, бүтүндөй өлкө боюнча иштей баштаганбыз. Биздин катарга жалпы аймактардан 150 миңдей адам мүчө болгон. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо жакшы көрсөткүчкө жеткенибиз менен парламентке өтпөй калганбыз. Эми бул окуяга тарых өз баасын берер", - деди Салымбеков.

Анын айтымына караганда, учурда саясий күчтөрдүн тең укукта атаандашуусуна жакшы мүмкүнчүлүк жаралды. Мамлекеттин жетекчилери да тазаланууга, ачыктыкка багыт алууда. Мындай көрүнүш көпчүлүктүн үмүтүн жандырууда. “Эмгек” партиясы мыкты командасы менен эл үчүн кызмат кылууга бел байлады.

"Алдыдагы саясий өнөктүктөр таза, тынч өтүшүн каалайм. Ошондой эле “Эмгек” партиясына ийгилик жылмайсын деп тилейм. Бул саясий уюмдан депутаттыкка аттанган талапкерлер өз убадаларын толугу менен аткарат деп терең ишенем. Мамлекетибизде тынчтык, өсүп-өнүгүү болсун", - деп кошумчалады ал.

Демилге, эмгек, натыйжа үчүн иштеген “Эмгек” партиясынын шайлоо бюллетенинде 22-номердебиз.

“Эмгек” саясий партиясынын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Омуралиева тарабынан каржыланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
09.04.2021. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Дордойдун жолдорун ондогула
09.04.2021. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эмне тантырап атасын!
Дордойдун баары силердики, жолун ондоп коёюн дебейсинер, дагы асмандан суйлошот!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: