super.kg logo
  Спорт  

ФИФА Бишкекте футболдук борбордун курулушун каржылоого даяр

 
Дүйнөлүк футбол уюму Бишкекте футболдук борбордун курулушун каржылоого даяр. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунун басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, 8-апрелде Бахрейндин борбору Манама шаарында Кыргыз футболдук союзунун президенти Канатбек Маматов ФИФАнын президенти Жанни Инфантино менен жолугушкан. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар футболду өнүктүрүү жана Кыргыз мамлекетиндеги инфраструктураны жакшыртуу маселелерин талкуулашкан.

"Эгер өкмөт футболдук союзга жер бөлүп берсе, Бишкекте футболдук борбор куруу маселесин баса белгилешти. ФИФА бул долбоорду ассоциацияларды колдоо программасынын алкагында каржылоону караштырууга даяр экендигин билдирди. ФИФАнын президенти футболдук инфраструктураны куруу үчүн Кыргыз мамлекетинин инвесторлорго ачыктыгынын деңгээли, ошондой эле инвесторлорго бериле турган шарттар жана жеңилдиктер жөнүндө сурады", - деп жазылган маалыматта.

Канатбек Маматов Инфантинону Кыргыз өлкөсүнө келип кетүүгө чакырып, быйыл кыргыз футболу өзүнүн жүз жылдыгын белгилеп жаткандыгын кошумчалады. Жанни Инфантино, эгер COVID-19га байланыштуу кырдаал курчуп кетпесе, сентябрда өлкөгө келүүгө ниеттенип жатканын билдирди.

Ошондой эле тараптар COVID-19га байланыштуу кырдаал турукташса кыргыз футболунун 100 жылдыгына карата футболдук легендалардын катышуусунда беттеш өткөрүүнү макулдашышты. Бул өлкөдөгү футболдун жана бардык оюн күйөрмандарынын жаркын жана маанилүү окуясы болору баса белгиленген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
09.04.2021. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жерди болгуло окмот шартты тузгуло инвесторго болбосонор уят кура албайсынар курам десе не жер жоокпу я давай тездеткиле же кеткиле иштейм дегендер коп футболдун жетекчисине чоон алкыш азаматсыз аракет кылып атат колунан келишинче ушундай жетекчиден коп болсун омуруно берекке
09.04.2021. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бирден чондор канча деген жерлерди ээлеп жатат элге келгенде эчтеме жок
10.04.2021. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо,анда Салах келсин.Бир отуруп тамактаналы)))
10.04.2021. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
По братски
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: