super.kg logo

Азамат Дороев, "Ишеним" саясий партиясынын Бишкек шаардык бөлүмүнүн башчысы: "Шаардык бийликтеги олигархиялык, кландык топтордун өзүм билемдигин токтотууга убакыт келди! Жүрөгүң менен танда, жаңыларды шайла"

 

Урматтуу шаардыктар!

Ушул аптанын аягында бишкектиктер 4 жылдык келечегиңерге тандоо жасайсыңар. Бул убакыт ичинде борбор шаарыбызды түп тамырынан бери өзгөртүп, жаңылап салсак болот. Ал үчүн туура тандоо керек!

Акыркы 30 жылда Бишкек шаарында эмне өзгөрүү болду? Шаарыбыздын, жаңы конуштардын жашоосу жакшырдыбы? Тилекке каршы, эч кандай өзгөрүү болгон жок. Бишкек шаардык кеңешинде 45 депутат болсо, анын 38и кайрадан талапкерлигин коюшту. Эгер ошолор кайра эле шайланып келе турган болсо, дагы 4 жыл бою шаарыбыз эмес, алардын бизнеси мындан ары да өнүгө берет.

Бүгүн алар жарнамалык роликтериңерде социалдык көйгөйлөрдү кайра-кайра айтып, жаңы конуштарды жыргатабыз деген убадаларды берип жатышат. Мунун баары жөн эле убада, куру сөздөр. Эмнеге? Далилдеп берейин. 2016-жылдан 2021-жылдын мартына чейин шаардык кеңеш баш – аягы 177 токтом кабыл алган. Анын 10у гана социалдык проблемаларга арналган токтомдор. Ал эми жаңы конуштарга байланышкан бир эле - Маданият жаңы конушунда канализациялык-насостук борбор куру боюнча токтом кабыл алынган. Анысы да толук ишке ашкан эмес. 4 жыл ичинде алардын жаңы конуштарга жасаган иши ушул эле. Жаңы конуштарды гүлдөтөм, жыргатам деген азыркы убадалары - бул ал жакта жашаган элге болгон шылдың, мазактоо деп түшүнөбүз.

Таштандыны кайра иштетүүчү завод курабыз, жаңы конуштарга канализация тартабыз деп жатышат. Бирок алар колдо турган даяр акчаны колдоно албай, шаардык бюджетти миллиондогон доллар чыгымга учуратышкан. Ал заводдун курулушуна деп Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы (ЕБРР) берген 11 млн доллар кредит, 11 миллион доллар бекер грант өз убагында пайдаланылбай, ал үчүн бүгүн 170 миллион сом айып пул төлөп жатабыз. Ошол эле ЕБРР Бишкектин түштүк жагындагы жаңы конуштарды борбордук канализацияга кошууга деп берген 16 миллион евролук долбоор да толук ишке ашпай калган. Ушунча инвестицияны колдоно албай, зор мүмкүнчүлүктөрдү текке кетиргенден кийин «инвестиция тартабыз» деп убада бергенден уялышса болмок.

Шаардык кеңеш кабыл алып берген 26 миллион сомго жасалган Бишкектин деталдык пландоо долбоору (ПДП) жакында эле сот тарабынан жараксыз деп жокко чыгарылды. 26 миллион сом шаардык бюджет үчүн өтө чоң чыгаша!

Шаарды жашылдандыруу боюнча концепцияңар сөз боюнча эле калды. Шаардын социалдык экономикалык өнүгүүсү боюнча программа кабыл алдыңар эле. Жыйынтыгы эмне болду? Эч нерсе жок. Айтор айта берсе сөз көп.

Биз шаардык кеңешке шайланып келсек, программабыздагы:

  1. Шаардын экономикалык өнүгүүсү;
  2. Шаардын социалдык-маданий өнүгүүсү;
  3. Шаардын тейлөө кызматтарынын ишин жакшыртуу;
  4. Экологиялык коопсуздукту сактоо сыяктуу 4 багыт боюнча иш алып барып, тез арада жыйынтык көрсөтөбүз.

Жасай турчу иштерибиздин орчундуу учурларына эле токтоло кетейин.

Биз шаардык бюджетти оптимизициялап, жаңы конуштарды каржылоонун көлөмүн 50 миллиондон 500 миллион сомго көтөрөбүз. Бул популисттик сөз же куру кыял эмес. Бул колдон келчү реалдуу иш. Мэриянын структурасын реформалайбыз. Кереги жок кызматтар, органдар бар. Ошолорду кыскартабыз.

4 жылдын ичинде мамлекеттик кызматкерлер үчүн бир дагы муниципалдык үй салынган жок. Биз ал ишти жандандырып, үйлөрдү салып баштайбыз. Инвестициялык фонд жана шаарды өнүктүрүү фондун уюштурабыз. Муниципалдык салык кызматын негиздейбиз. Кыргызстан боюнча жыйналган 88 млрд сом салыктын 61 млрд сому дал ушул Бишкек шаарынан чогулат. Мэрияга баш ийген муниципалдык салык кызматы сөзсүз керек.

2 млрд долларга чейин инвестиция тартуу ниетибиз бар. Ички миграция боюнча дагы маселени көтөрөбүз. Атайын мыйзам кабыл алып, шаарда жашаган бардык элге бирдей шарт түзүлүүсүнө жетишебиз. Жаңы конуштардын баарына бала бакча, мектептерди салууну тездетебиз. Муну менен билим берүү көйгөйүн гана чечпестен, шаардагы унаа тыгындарын да азайта алабыз.

Биз ишке ашпаган куру убадаларды бербейбиз. Бишкектиктердин каалоосу жана талабы болгон татыктуу жашоону шарттаган шаардык чөйрөнү куруу – биздин башкы максатыбыз!

Урматтуу шаардыктар, олигархиялык, кландык топтор муниципиалдык бийлик институтуна болгон элдин ишеничин жок кылды. Бишкектин азыркы кейиштүү абалы дал ошолордун ишмердүүлүгүнүн натыйжасы экенин да жакшы билесиңер! Эл чынында эскилерден тажады. Аракетсиздик, кайдыгерликти, олигархиялык топтордун өзүм билемдигин токтотууга убакыт келди!

Шаардык бийликке жаңы көз караштагы, арты таза, өз ишин мыкты билген профессионалдар керек болуп турат.

«Ишеним» партиясынын катарында андай адамдар бар! Биз ар бир талапкерибизди кынтыксыз репутациясына, иштин көзүн билген профессионалдуулугуна, күчтүү жарандык позициясына карап, кылдаттык менен тандап алганбыз. Биз бул команда менен шаардыктардын жашоосун өзгөртө алабыз. Бишкектиктердин үмүтүн, ишенимин актайбыз! Туура тандоо жасаңыз, татыктууларын шайлаңыз!

№7-«Ишеним» - чыныгы профессионалдардын партиясы!

Даярдоочу: «Super.kg». Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбекова көчөсу 109/1. Буйрутмачы: Жумабекова Чынар Төлөмүшевна, ”Ишеним” сайясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу окүлү Жумабекова Чынар Төлөмүшевна Тарабынан төлөндү.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: