super.kg logo

Премьер-министр шайлоону жана референдумдун жогорку деңгээлде өткөрүлүшүн камсыздоо зарыл экенин айтты

 

Премьер-министр Улукбек Марипов жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого жана референдумга даярдык көрүү жана аны өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерин чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча Республикалык штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Тийиштүү мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик органдары Борбордук шайлоо комиссиясы менен биргеликте 11-апрелдеги шайлоо процессинин жогорку деңгээлде уюштурулушун жана өткөрүлүшүн камсыздоосу керек. Шайлоо ачык-айкын өтүшү керек. Мурда кетирилген кемчиликтер кайталанбашы зарыл. Ушул күнү коомдук коопсуздук камсыздалып, шайлоо участокторунда электр жарыгы жана интернет өчүрүлбөшү керек. Эпидемиологиялык абалды эске алуу менен санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо, орнотулган эрежелерди жана ченемдерди сактоо боюнча ишти күчтөндүрүүнү өтүнөм. Тийиштүү мамлекеттик органдар мыйзам бузуу фактылары боюнча ыкчам жооп кайтарып, тийиштүү чараларды кабыл алуусу зарыл. Жарандардын добуш берүүсү үчүн бардык шарттар түзүлүүгө тийиш", - деди Улукбек Марипов. Ошондой эле мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмаларды берди.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү шайлоо процессине кийлигишпеши керек, административдик ресурсту пайдаланууга жол берилбеши тийиш.

Улукбек Марипов мекендештерди 11-апрелде жарандык активдүүлүктү көрсөтүп, аң-сезимдүү тандоо кылууга чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: