super.kg logo

Мьянмадагы абал: Демонстранттар менен аскердик бийликтин кагылышуусунан каза болгондордун саны 614кө жетти

 

Мьянмада коопсуздук күчтөрү менен демонстранттардын кагылышуусунан акыркы суткада дагы 16 кишинин каза болгону кабарланды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, жалпы адам өлүмү 614кө чейин көбөйүп, 2 миң 857 адам кармалган. Аскерлер нааразы болгон элге каршы чыныгы ок чыгаргандан кийин, демонстранттар колго жасалган жардыргыч заттар жана бычактар ​​менен аскерлерге кол салышканы маалым болгон.

Эске салсак, 1-февралда Мьянмада бийликти аскерлер көзөмөлгө алып, өлкө көп партиялуу демократиялык системге өткөндүгүн жарыялаган. Аскер бийлиги өлкө боюнча бир жылга киргизилген өзгөчө кырдаал абалы аяктагандан кийин шайлоо өткөрүүнү убада кылышкан. Демонстранттар армияны бийликти демократиялык жол менен шайланган өкмөткө кайтарып берүүнү, 2020-жылы 8-ноябрда шайланган парламенттин биринчи сессиясын чакырууну жана камакка алынган лидерлерди токтоосуз бошотууну талап кылышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
10.04.2021. 08:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тынччылык эле болсун, Кыргызстандагы ала булут Мьянманнв көздөй барган окшойт.
10.04.2021. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошол жакта жашаган азчылык мусулмандардын каргышы тийген окшойт...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: