super.kg logo

9 жыл жаткан. Норвегияда эркек кишинин жансыз денеси өз батиринде табылды

 

Норвегиянын Осло шаарындагы үйлөрдүн биринде жалгыз жашаган кишинин жансыз денеси табылды. Алдын ала айтылган маалымат боюнча, жансыз дене батирде 9 жыл жаткан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, анын жакын тууганы полицияга батирди оңдоп-түздөө үчүн эшигин ачып берүүнү өтүнүп кайрылган. Полиция батирдин эшигин ачып киргенде, жансыз дене табылган. Укук коргоо органдарынын айтымында, ал 2011-жылы апрель айында каза болгон. Себеби муздаткычтын ичиндеги сүттүн мөөнөтү 2011-жылдын апрель айындагы көрсөткүчтө болгон. Ал улгайган адам болгондуктан табигый себептерден улам каза болгондугу болжолдонууда. Маркум түнт, башкалар менен көп мамиле түзбөгөн киши болгондуктан, анын көрүнбөй калганына эч ким деле маани берген эмес, кошуналары аны башка жакка көчүп кетти же карылар үйүнө кетти деп ойлошкон. 2018-жылдан бери ага пенсия которулбай калган.

Маркум 2 жолу үйлөнгөн жана бир нече балдары бар, бирок алардын эч кимиси атасынан кабар албаганы полицияны таң калтырууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
09.04.2021. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Кудаай жараткандарыны ушундай балдардан, ушундай өлүмдөн сакта. Баарыбызга бактылуу карылыкты насип кыл.
10.04.2021. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жакын туугандарды жоголгон кишини издебей анан уйду ремион кылганды ойлоштубу
10.04.2021. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми үй талаш юолөт экен да бечаранын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: