super.kg logo

"Ынтымак" инновациялык чечимдер партиясы №24: Чын жүрөктөн добуш бериңиздер!

 

Урматтуу шайлоочулар, урматтуу бишкектиктер! Шайлоо алдындагы үгүт иштери бир айдан бери жүрүп, бүгүн аягына чыгып отурат. Сиздер Бишкек шаардык кеңешинде өтө турган саясий партияларды аныктай турган маанилүү кадамды жасашыңар керек. Сиздердин тандооңуз менен келген шаардык кеңештин депутаттык жаңы курамы шаарыбыз жана шаарыбыздагы жашообуз кайсы багытта өзгөрөрүн аныктайт.

Бүгүнкү күндө Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн башаламан жана мыйзамсыз курулушу, сапаттуу жолдордун жана тротуарлардын жоктугу, жашыл аянтчалардын кыйылышы, түтүн маселеси сыяктуу көптөгөн көйгөйлөр бар. "Ынтымак" саясий партиясы чындап каалоо жана туура мамиле болсо, ушул көйгөйлөрдүн бардыгын чечүүгө болоруна ишенет.

Учурда “Ынтымак” партиясы күчтүү лидерлерди, тажрыйбалуу муниципалдык кызматкерлерди, жаш ишкерлерди жана келечектүү активисттердин башын бириктирип алар менен шаардык кеңештин шайлоосуна барууну чечти. Урматтуу шайлоочулар, сиздер бизге гана добуш беришиңиз керек. Ошондо гана баарыбыз Кыргызстандын таза, өнүккөн жана коопсуз заманбап борборунда, жашап, иштейбиз деген үмүт жаралат.

“Ынтымак” инновациялык чечимдердин партиясы гана эмес, жаңы партия экендигин белгилей кетүү керек. Биздин талапкерлердин жүрөктөрү шаардыктардын жүрөгү менен бирге согуп, алар менен бир багытка кадам таштоого даяр. Биздин инновациялык идеялар сиздер менен гана ишке ашат.

Достор, бишкектиктер №24 “Ынтымак” саясий партиясын жана анын талапкерлерин тандаңыз. Партиянын программасында айтылган пландарды жана идеяларды биз сиздер менен бирге ишке ашыра алабыз.

Өзгөрүүлөр бизден башталат!

"Аткаруучу: "SUPER.KG" ЖЧКсы ; дареги: Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү 109/1. Буйрутмачы: "Ынтымак" саясий партиясы. Тираж 1 экз. Чыккан күнү: 09.04.2021-жыл. Буйрутма СПнын шайлоо фондусунан каржыланды, каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Бектенова Ж.Д.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: