super.kg logo

900 литр күйүүчү май. Баткенге мыйзамсыз товар алып кирген коңшу өлкөнүн жараны кармалды

 

Баткенде күйүүчү-майлоочу майлардын контрабандалык ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, 8-апрелде Лейлек районунда жайгашкан "Россия" май куюучу жайынын кампасынан жана ага тийиштүү аймакка тинтүү жүргүзүлгөн. Кампанын аймагынан тинтүү жүргүзүү учурунда, Опел Зафира жүргүнчү ташуучу унаа менен Кыргыз өлкөсүнүн аймагына өткөрүү пункттарынан тышкары жерден кирип келген коңшу өлкөнүн жараны кармалды.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 358-берене "мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" менен катталган.

"Такталгандай, күйүүчү-майлоочу материалдарды ташуу үчүн атайын жабдылган цистерна (бак) 900 литр күйүүчү май менен толтурулган, аны ээси базарга сатууну көздөгөн. Аталган товар унаанын салонуна атайын орнотулгандыгы аныкталды. Кармалган жаран Баткен РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул ишке катышкан адамдарды аныктоого багытталган тергөө иш-чаралар улантылууда", - деп жазылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
09.04.2021. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул зафира 3-жолу чыгып атат. Же кармалбай кайра эле иштеп камалып атабы?
10.04.2021. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nuuman,ал башка болчу кара түстө.
09.04.2021. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Адашпасам 2же3 кун мурун чыгардынарго бул Опелди
10.04.2021. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
didu,ал башка болчу, так даталары жазылып турат маалыматта.
09.04.2021. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баткенге товар алып кирген адамга бул машинаны не тийешеси бар? Же баткенге бензин тажикстандан кирип баштадыбы
10.04.2021. 03:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mr.altynbek,Журналисттердин катачылыгы деп билсек болот.Же толук жазган эмес,же тема туура эмес жазылган.Темага текст туура келбей турат.
Өлкөдөгү номер 1 биздин гезит деген ММКнын журналисттери.
10.04.2021. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайта кайта кармай береби муну аа чондоручу жон эле кирип чыгып жататко
10.04.2021. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча берип чыгып жатса керек да. 10 жолу отсо 1 жолкусун. Кармап.
Тажикстанга сатат шаарга сатам деп коюп. Кекиртегин тыйып турса болот эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: