super.kg logo

Бишкектеги "Кудайберген" базарында чыккан мушташтан 1 адам каза болду. Шектүү изделүүдө

 

Бишкек шаарында киши өлтүрүүгө шектүү жаранды издөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2-апрель күнү саат 15:30 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Патрис Лумумба жана Дэн Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде мушташ орун алып, эркек киши бычактан жаракат алды деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке Биринчи Май РИИБинин ыкчам тергөө тобу барып, төмөнкүлөрдү аныкташкан. Анда 1988-жылы туулган Б.А. аттуу жаранга белгисиз адам бычак сайып, ал "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилген. Тилекке каршы, алган жаракаттарынан улам эсине келбей каза болгон.

Бул факты Биринчи Май РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене (адам өлтүрүү) менен катталып, иликтөө иштери башталган. Кылмыш орун алган жерди кароодо бычактын кыны алынып, видео көзөмөлгө түшүп калган видео далил катары алынган. Ошондой эле каза болгон жарандын мыйзамдуу өкүлү А.Б. милицияга арыз менен кайрылып, күнөөлүү адам жазасын алуусун өтүнгөн.

Ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган А.Н. аттуу жаран кармалган. Шектүү мурда сот жообуна тартылган эмес. Териштирүүнүн жүрүшүндө, шектүү каза болгон жаран менен туугандык байланышта болгон жана экөөнүн ортосундагы пикир келишпестиктен ушул ишке баргандыгы далилденди.

Ошол эле күнү шектүү А.Н.ны издөө иштери башталып, анын жашаган жери, туугандары жана жоро-жолдоштору жашаган жерлер текшерүүгө алынган. Ошондой эле чек араларга да билдирүү жиберилген. Учурда аны издөө жана кармоо иштери тынымсыз жүрүп жаткандыгы маалымдалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
09.04.2021. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кармалган изделия жатат кимиси туура
10.04.2021. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bek.94,кармап, Кайра издеп жатат!
09.04.2021. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Изделип
09.04.2021. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бир эки кундо эл таап берет
10.04.2021. 05:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бишкек 13 район болуп калдыго жалан криминал
bekhaliev түзөттү 2021-04-10 05:53:35
10.04.2021. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сүрөттөгү кимиси өлтүргөнбү же өлгөнбү
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: