super.kg logo

Баңгизат таратып жүргөн Бишкектеги түнкү клубдун ди-джейи кармалды

 

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан борбор калаадагы түнкү клубдардын биринде баңгизаттарды сатуу менен алектенүүчү каналды аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча атайын операциясы ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, кебетеси азиялык болгон 30-32 жаш чамасындагы жаран баңгизаттарды сатуу менен алектенүүчү туруктуу каналын жөндөп алганы аныкталган.

"Жеткиликтүү далилдин болуусунун негизинде, сотко чейинки иликтөөнүн алкагында тинтүү иш-чараларын жүргүзүү учурунда 1991-жылы туулган К.У. аттуу түнкү клубда ди-джей болуп иштеген коңшу мамлекеттин жараны кармалды. Ага өздүк кароо жүргүзүүдө шымынын чөнтөгүнөн кендир жытына ээ болгон кара-күрөң түстөгү зат табылып алынган. Ошондой эле анын бөлмөсүн тинтүүдө аталган затка окшош зат алынган.
Сотко чейинки өндүрүш иши жана аталган кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда", - деп айтылат маалыматта.






Баңги зат таратып жүргөн Бишкектеги түнкү клубдун ди-джейи кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.04.2021. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар, ишинерге береке. Адамдын ан сезимине таасир эткен заттарды билип туруп саткандарга Аллахтын каары болсун. Бул деген оз элине чыккынчылык кылуу да. Биротоло Кыргызстанда жок болсо экен наркобарондор
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: