super.kg logo

Айзаданын өлүмү: Бишкек ШИИББинин тергөө кызматынын жетекчиси болуп Кымбат Курманалиева дайындалды

 

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилик курамы дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек ШИИББинин жетекчилик милдетин убактылуу полковник Азамат Ногойбаев аткарса, Тилек Тюкебаев анын орун басарлык милдетин аткарат.

Жаңы дайындоолордун тизмеси:

Милициянын полковниги Азамат Ногойбаев Бишкек ШИИББинин жетекчисинин кызматтык милдеттерин убактылуу аткарууга дайындалды. Ал буга чейин ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Үчүнчү башкармалыгынын (Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкармалыгы) Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы менен өз ара аракеттешүү бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеген.

Милициянын полковниги Тилек Тюкебаев Бишкек ШИИББинин жетекчисинин орун басарынын кызматтык милдеттерин убактылуу аткарууга дайындалды. Ал буга чейин Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз РИИБинин жетекчиси болуп иштеп келген.

Милициянын полковниги Кымбат Курманалиева, Бишкек ШИИББинин Тергөө кызматынын жетекчиси кызматына дайындалды. Ал буга чейин ушул эле кызматта орун басарлык милдетти аркалап келген.

Милициянын полковниги Мирлан Ниязалиев Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин жетекчиси кызматына дайындалды. Ал буга чейин ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жетекчисинин орун басары кызматында иштеп келген.

Милициянын подполковниги Улан Орозалиев Бишкек ШИИББинин Криминалдык милиция кызматынын жетекчисинин орун басары кызматынан бошотулуп, Биринчи Май РИИБинин жетекчисинин ыкчам иштер боюнча орун басары кызматына дайындалды.

Милициянын подполковниги Руслан Бердибаев, Октябрь РИИБинин жетекчисинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары кызматынан бошотулуп, Биринчи Май РИИБинин жетекчисинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары кызматына дайындалды.

Милициянын полковниги Жумадил Шералиев, Бишкек ШИИББинин коомдук коопсуздук кызматынын начальнигинин орун басары кызматынан бошотулуп, Биринчи Май РИИБинин начальнигинин орун басары, коомдук коопсуздук кызматынын жетекчиси кызматына дайындалды.

Милициянын майору Бегимай Турапова ИИМдин Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштерди тергөө боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары кызматынан бошотулуп, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин жетекчисинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары кызматына дайындалды.

Буга чейин Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу жалпысынан 44 кызматкер тартип жазаларына кириптер болушканы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
10.04.2021. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иштөөгө желаниясы жокторду не эле кайра кайра ишке орнотуп коюшат? Же ойлошобу ал жактын иштери маанилүү эмес булар ал жакта иштебей жүрө берсин шалаакылык кылып деп?! Министр МВД нени ойлоп тапты иштен кетирип түрмөгө салгандын ордуна аларды местадан которуп
10.04.2021. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чиндери укмуш кыйратып эмгек кылып алгансып Полковник,!! жон эле бешикетен бели чыга элек жатып майор алгандарычы))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: