super.kg logo

УКМК: "Опузалап пара алуу фактысы менен Аламүдүн ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү кармалды"

 

9-апрелде УКМК менен ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте, мурда алынган каражатты пара катарында кайтарып жаткан жеринен Аламүдүн РИИБинин тергөөчүсү, милициянын ага лейтенанты Д.Б. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага лейтенант М.у.Т. аттуу жарандан сотко чейинки өндүрүш ишин токтотуу үчүн 2000 АКШ долларын талап кылган. Андан кийин опузалап талап кылуу фактылары ачыкталып кетишине жол бербөө үчүн тергөө органдарынын өкүлдөрү аталган М.у.Т. аттуу жаранга 1500 АКШ долларын кайтарып беришкен. Калган 500 АКШ доллар өлчөмүндөгү каражаттын калган бөлүгүн кайтарып берүү учурунда, милициянын ага лейтенанты Д.Б. кармалды.

Аталган материал Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам КР УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: