super.kg logo

Караколдо окуучулар арасында массалык мушташ чыгып, бири жандандыруу бөлүмүнө түштү

 

Ысык-Көлдө окуучулар арасында массалык мушташ чыгып, алардын бири оор абалда жандандыруу бөлүмүнө түштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жабыр тарткан окуучунун агасы билдирди.

Белгилүү болгондой, мушташка 9-10-класстардын окуучулары катышкан.

"Иним Каракол шаарындагы Чехов атындагы орто мектепте окуйт. Өзүнүн 3-4 досу менен жүрсө коңшу айылдан бир топ балдар келип сабап кетишиптир. Достору качканга үлгүрүп, иним жетишпей калган. Аны артынан таш же темир менен башына катуу уруп, эсин жоготуп, жыгылып калганына карабай тепкилешиптир. Учурда ооруканада, эсине келгени менен өзүн начар сезип турат. Дарыгерлердин айтымында каракуш мээсинен 3-4 сантиметр аралыктагы баш сөөгү сынган. Бул жакта операция жасай албайбыз дешип Бишкекке алып кеткенге даярдык көрүп жатышат", - деди жабыр тарткан окуучунун агасы.

Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов SUPER.KG порталына окуучунун денесине зыян келтирген балдардын аты-жөнү такталганын билдирди.

"Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен катталып, окуучунун денесине зыян келтирген балдардын аты-жөнү аныкталды. Учурда алар шаардык милицияга жеткирилип, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат", - деди басма сөз кызматкери.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(1)
11.04.2021. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым озу балдарыбызга ыйман берсин. Тарбиясы мин жакшы болсо деле бала жанындагы достору учун ар кандай жолго барса керек деп ойлойм.Уч кичинекей уулум кундон кунго чонойуп жатышат, ар кандай жанылыктарды окуп балдарым учун, балдарымдын келечеги учун азыртадан корком. Ыйман бере кор кудайым, ар бир балага. Ата Эне баласы учун жаман соз угуп калбасын. Балдары учун ыйлашпасын. Балдары учун жузу жер карабасын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: